Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Табият менен таттуу мамиледе

Билим берүү мекемелеринин кызматкерлери эс алуу үчүн ажайып кооз дем алуучу жерлерге барышып, табият менен таттуу мамиледе болушуп, жайкы  эс алуулары уланууда.

Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагында жайгашкан Т. уулу Камал атындагы №22 орто мектебинин мугалимдери Сузак районунда жайгашкан Кара-Алма эс алуу жайына барышып, жаратылыштын кооздугу менен сыймыктанышып, эс алуулары жакшы өтүп, жакшы маанай менен дем алып келишти.

Өлкөбүздүн жаңгак токтойлорунун бири Кара-Алма эс алуу аймагы саналат. Кара-Алма эс алуу аймагында түркүн дарактар кездешет, айлана жашыл болуп, жаратылыштын кооздугу суктандырат. Табият менен таттуу мамиледе болу үчүн келген эс алуучуларды кубандырат.

Орто мектептин кесиптик бирлик мүчөлөрү жайкы эс алуга барып келүүгө колдоолор үчүн Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитетине ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райКБКнын адиси К.Асыранкулов