Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таазим сага, мугалим.

2020-жылдын 2-октябрь күнү Ноокен районунунда билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу азем өткөрүлдү. Иш чаралар учурдагы кырдаалга байланыштуу айыл аймактарда жана Кочкор-Ата шаарында алгоритмди сактоо менен өткөрүлдү. Салтанаттуу аземде Ноокен районунун билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө салым кошкон жана жетишкен ийгиликтери үчүн алдыңкы билим берүү кызматкерлери, жер-жерлерде өткөрүлгөн майрамдык аземге Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Осмонов жана коллегия мүчөлөрү, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, айыл өкмөт башчылары, ардагер мугалимдер, алдынкы билим берүү кызматкелеринин катышуусунда өттү. Майрамдык азем куттуктоолор жана мугалимдерге арналган концерттик программа менен коштолду. Алдыӊкы билим берүү кызматкерлери республикалык, облустук, райондук сыйлыктар менен сыйланышты. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен 33, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси-16,  Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин “Профсоюздун отличниги” төш белгиси менен – 4, Ардак грамотасы менен -1, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин Ардак грамотасы – 15, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен – 60 жана Ноокен райБББнүн жана Ноокен рай КБКнын Ардак грамоталары менен 135 билим берүү кызматкерлери сыйланышты.

 

 

 

 

Ноокен рай КБК нын инспектору

Т. Бакиров