Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Т.Ашыралиевдин 100 жылдыгына карата уюшулган иш чара

Жалал-Абад облусу Токтогул районунда Т.Ашыралиевдин 100 жылдыгына, Ата-Бабаларды эскерүү күнүнө жана репрессиянын 80 жылдыгына арналган “Репрессияга кабылган элеттиктер” аттуу илимий-практикалык конференция  болуп өттү.

1.”Репрессия-Кыргызстандын тарыхындагы кара так” (слайды көрсөтулду)

2."Адам канчалык улуу болсо,ошончолук улуу бактысыздыкка кабылат” аттуу репрессияга кабылган Т. Ашыралиевдин өткөн өмүрүнө  арналган сценка.Т.Ашыралиев атындагы орто мектебинин 9-10-11-классынын окуучулары аткарып көрсөтүп беришти.

3.Конференциянын ачылышы:

Токтогул райондук администрациясынын башчысы Сатымкулов.М. чыгып сөз сүйлөп куттуктоо сөзүн айтып конференцияны Кыргыз Республикасынын гимни менен ачылыш жасады. Андан кийин Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сулпукарова.Д жана профсоюз комитетинин төрагасы Исраилов.Т чыгышып куттуктоо каалоо тилектерин айтып өтүштү.

4.Филология илимдеринин доктору,профессор С.Байгазиев, Кыргыз билим берүү академиясынын тарыхты окутуу лабораториясынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты М.К.Иманкулов, Жалал-Абад областтык усулдук борборунун директору А.А.Токтосунов, Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин кандидаты О.Капалбаев жогорку кеңештин депутаты Н.Тотоновторго сөз берилди.

5 .”Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт”. Саясий репрессиянын туткуну Т.Ашыралиевдин басып өткөн жолуна карата “Журналисттер жана режиссерлор”клубунун АКИпресс кабар маалымат агенттигинин жыйыны болду, ошону менен конференция аяктады. Андан кийин  Т.Ашыралиевдин 100 жылдыгына карата уюшулган музейдин жана кабинеттердин ачылышы болуп өттү.

 

Материалды даярдаган Исраилов Токтомуш