Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сыйлыктар тапшырылды

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитети тарабынан өткөрүлгөн "Онлайн тест - 2024" кароо сынагынын жеңүүчүлөрү 2024-жылдын 15-мартында Кадамжай райондук жана Кызыл-Кыя шаардык билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик бирлик комитеттеринин төрага, төрайымдары Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин дипломдору жана белектери менен сыйланышты.

Кадамжай районунан 40, Кызыл-Кыя шаарынан 9 баштапкы кесиптик бирлик комитетинин төрага, төрайымдары сыйлыкка ээ болушту.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Баткен областтык комитети