Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сыйлыктар тапшырылды

Баткен районундагы чек арада жайгашкан А.Масалиев атындагы орто мектебинде 8-март - Аялдардын эл аралык майрамына карата аялдар арасында волейбол боюнча мелдеш мектептин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун демилгеси менен өткөрүлдү.

Мелдеш мугалимдер арасында сергек жашоо образын калыптандыруу, мектеп жамаатында ынтымакты бекемдөө жана баштапкы кесиптик бирлик уюмунун таасирин арттыруу максатында өткөрүлду. Ага мектептин 5 усулдук бирикмесинин эжейлери катышты. Алар: “Креатив” , ”Жеткинчек”, ”Квант”, ”Лингвист”, ”Чебер” бирикмелери.

Оюн кызыктуу жана жогорку деңгеелде өттү.

Жыйынтыгында, 1-орунду “ Жеткинчек”, 2-орунду “Креатив”, 3-орунду “Квант” командаларынын оюнчулары ээлешти.

 Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети айымдарды эл аралык жаз майрамы менен куттуктап, катышуучуларга баалуу белектерди тапшырды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Баткен райондук комитети