Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сыйлыктар тапшырылды

Ат-Башы райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан райондогу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин арасында 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата спорттук мелдеш өткөрүлдү. Мелдеште спортчулар волейбол жана кол күрөш оюндарынан куч сынашты.

Мелдештик таймаш курч мүнөздө өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Волейбол оюну боюнча 1-орун А. Шадыбеков, 2-орун "Казыбек Жеткинчек", 3-орун "Бирлик Таазими" бала бакча командаларына берилди. Кол күрөш боюнча 1-орунду А.Райимбекова "Аюу Мамалак", 2-орунду Н.О. Ашырбаева, 3-орунду Н.А. Орозакунова Курманалиев бала бакчасынын оюнчулары элешти.

Алдыңкы орунду алган командаларга жана оюнчуларга райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан кубок, медаль, дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ат-Башы райондук комитети