Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сыйлык - жаңы ийгиликтерге шыктандырат!

2019-жылдын  8-январь күнү КРнын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин  кезектеги президиуму болду. Ага  облустук комитеттин карамагындагы бардык профсоюздук уюмдардын төрага, төрайымдары жана 2018-жылдын жыйынтыгы менен конкурста жеңүүчү болгон баштапкы уюмдардын жетекчилери, профсоюз лидерлери катышышты. Кеңешме алды менен салтанаттуу маанай жараткан жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи менен башталды. Обкомдун төрагасы республикалык жана облустук конкурстарга активдүү катышып, жеңишке ээ болгон жеңүүчүлөрдүн  ысымдарын атап, профсоюздук ишмердүүлүктө мыкты ийгиликтерди каалап, баалуу сыйлыктарды тапшырды. ЖАМУнун профсоюздук комитети, төрагасы К.М.Болотбеков, Республикалык “Проф Com Интернет конкурсунун”, “Баштапкы профсоюз уюмунун иш тажрыйбасы” номинациясы боюнча КРнын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин диплому жана атайын сыйлыгы менен сыйланды. Ушул конкурска активдүү катышкан ЖАМУнун “Медицина” факультетинин баштапкы прфсоюз уюму, жетекчиси А.Т.Чоюнова, тармактык профсоюздун  Жалал-Абад облустук комитетинин  Ардак грамотасы жана ноутбук менен, “Медициналык“ колледждин  баштапкы профсоюз уюмунун жетекчиси Г.Алимбаева тармактык профсоюздун  Жалал-Абад облустук комитетинин  Ардак грамотасы менен сыйланышты. Сыйлыктар  профсоюз лидерлеринин ишмердүүлүгүнө стимул болуп,  жаңы ийгиликтерге шыктандырат

ЖАМУнун профсоюздук комитетинин төрагасы 1Ьолотбеков К.М  жана  Медицина факультетинин баштапкы профсоюз уюмунун жетекчиси А.Т.Чоюновалардын  сыйлык  алган учуру

 

Даярдаган:

Н.Баитова