Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сыйлык тапшыруу аземи

Үстүбүздөгу жылдын 31-март күнү Тоң райондук билим берүү бөлүмүнүн Кеңешмеси болуп өттү. Күн тартибинде кезектеги мектептерди комплекстүү текшерүү, акыркы предметтик олимпиада жыйынтыктары боюнча маселелер каралды. Күн тартибиндеги ар кандай маселелер бөлүгүндө 4 баштапкы профсоюз уюумунун төрагаларына, Профсоюз уюмунун райондук комитетинин казыначысына “Профсоюздук кыймылдын отличниги” төш белгиси жана 1 баштапкы профсоюз уюмунун төрагасына Ардак грамота салтанаттуу тапшырылды. Өз кезегинде сыйлык ээлери, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз уюмунун Борбордук комитетине жана жетекчилигине ыраазычылыктарын билдиришип, мындан ары да мугалимдердин укуктук жана социалдык көйгөйлөрүн жоюу багытында жигердүүлүк менен иштей беришээрин убада кылышты.

 

 

 

 

 

Материалды даярдаган: Тоң райондук профкомунун төрагасы Урманбетов Нурлан