Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сыйлык ээлерин тапты

Ысык-Ата районунда Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылганынын 35 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков, райондун акими Алмазбек Осмонов, Ысык-Ата районунун билим жана илим кызматкерлеринин профсоюздук комитетинин төрайымы Б.Тыныбекова, Ысык-Ата районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ч.Бакашова, Ооган согушунун ардагерлери жана жакындары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, жетекчилери катышышты. Ооган согушунда курман болгон жоокерлер эскерилип, эстеликке гүл чамбырлар коюлду.          

       

Иш-чара А.Тойтоев атындагы Маданият үйүндө улантылды. Жогорку Кеңештин депутаты А.Таштанбеков КР Коргоо министрлигинин "Эмгек сиңирген үчүн", Ооган согушунун ардагерлери "Ардагерлер кыймылына жардам бергени жана көмөктөшкөнү үчүн" төш белгилери менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ысык-Ата райондук комитети