Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сыйлыгыңар кут болсун!

         Кыргызстан Аялдар Конгрессинин 25 жылдыгына жана 8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата Аялдар Конгрессинин форуму болуп өттү. Форумдун алкагында эмгектеги жетишкендиктери, жогорку кесиптик чеберчилиги жана көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн аталган конгресстин «Лидерлик үчүн» медалы менен Ысык-Ата районунун өсүшүнө салым кошкондугу үчүн билим  жана илим кызматкерлеринин райондук профсоюз комитетинин төрайымы Тыныбекова Бактыгуль Качиевна жана билим берүү тармагында эмгектенген  Кант шаарындагы №1- «Солнышко» мектепке чейинки балдарга билим берүү уюмунун директору Сардарбекова Заря Таштанбековна, Кант шаарындагы №4-гимназия орто мектебинин директору Молдошева Махабат Ишенбековна жана №2-Н.С.Баранов атындагы Ново-Покровка ОМЛнин директору Низамудинова Фарида Ахмедона сыйланышты. Жаз майрамын утурлай эмгегинин үзүрү менен мындай кубанычтуу, жагымдуу сыйлыкка ээ болгон райондун алдыңкы айымдарын куттуктап, иштерине мындан ары да ийгиликтерди тилейли.  

Д.Камбарова