Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузактык окуучулар жеңишке жетишишти

    Жакында Жалал-Абад областында окуучулардын спартакиадасы болуп өттү. Сузак районунан окуучулардын областтык спартакиадасына 198 окуучу катышып, спорттун 14 түрү боюнча таймашка катышышты.

    Областтык спартакиаданын жыйынтыгы менен 5 шаар, 6 райондун окуучуларынын командаларынын арасында Сузак районунун окуучуларынын жалпы райондук командасы 1-орунду ээледи.

     Райондук билим берүү бөлүмүнүн Коллегиясында окуучулары жогорудагы областтык спартакиадада жетишкен ийгиликтери үчүн мугалимдерге ыраазычылык билдирилип, тийиштүү сыйлыктар ыйгарылды.

Профсоюздун Сузак райкомунун

басма сөз катчысы: З.Киргизбаев