Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

СУЗАКТЫК МУГАЛИМДЕР КҮЧ СЫНАШТЫ

Эмгекчилердин ден соолугун чыӊдоого  шарт түзүү профсоюздардын негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Мындай иш чара  2015 жылдын 14-мартында Сузак районунда мугалимдердин ден соолуктарын чыӊдоо  максатында спартакиаданын райондук туру болуп өттү. Салтанаттуу иш чара райондогу Манас жана Юнусов атындагы орто мектептердин базасында  уюштурулду. Спорттун волейбол, шахмат, ордо, тогуз коргоол, стол тенниси түрлөрү боюнча  596 мугалим өз  чеберчиликтерин көрсөтүштү. Бул иш чарага Профсоюздун Жалал Абад обкомунун төрагасы К.С.Мырзакматов, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары А.Раманкулова, Сузак РБББнын башчысы Н.Режавалиев, профсоюздун Сузак райкомунун төрагасы А.Исмаиловдор катышып куттуктоо сөздөрүн айтышты.