Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта “Жылдын мыкты мугалими – 2017” райондук сынагы жыйынтыкталды

   Сузак районунда 2017-жылдын 10-11-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев тарабынан жарыяланган “Ыйман, адеп жана маданият жылынын” алкагында “Жылдын мыкты мугалими – 2017” райондук сынагы “№9 Мичурин атындагы орто мектептин имаратында өткөрүлдү. Райондук сынакка зоналдык сынактардын жеңүүчүлөрү болгон 16 мугалим катышышты.

   Сынактын ачылыш жана жыйынтыктоо аземдерине райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Бечелов, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин төрагасы А.Орозалиев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучусу М.Элеманов катышышты.

   Профсоюздун Сузак райондук комитети тарабынан 1-орунду ээлеген “Ынтымак” орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Оморова Насибага муздаткыч, 2-орунду ээлеген М.Улугбек атындагы орто мектептин башталгыч класс мугалими Рахманова Дилмирага автомат кир жуугуч машинасы, 3-орунду ээлеген Э.Төрөбаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Тургунбаева Махабатка нан азыктарын бышыруучу духовка жана номинациялардын жеңүүчүлөрү болгон 13 мугалим баалуу белектер менен сыйланышты.

Профсоюздун Сузак райкомунун

басма сөз катчысы: З.Киргизбаев