Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта тегерек стол

      Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлер  профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан жарыяланган “2017-жыл – тармактагы адептүүлүк жана укуктук маданият жылынын” алкагында 2017-жылдын 23-мартында №90 Манас атындагы инновациялык мектептин имаратында билим берүү кызматкерлеринин ортосунда тегерек стол профсоюздун Сузак райондук комитети тарабынан уюштурулду.

      Тегерек столго Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов, профсоюздун Сузак райондук комитетинин төрагасы А.Орозалиев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси  Г.Бейшеева, Ырыс айылдык кеңешинин депутаты М.Усманов, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары Т.Парпиевдер катышышты.

     Тегерек столдун жүрүшүндө педагогикалык кызматкерлердин укуктары жана милдеттери, Мыйзамдар тарабынан педагогдордун укуктарынын корголушу, алардын социалдык-экономикалык жактан кызыкчылыктарын коргоо боюнча тийиштүү уюмдардын жоопкерчиликтери жөнүндө маселелер талкууланды.

 

Профсоюздун Сузак райкомунун

 басма сөз катчысы: З.Киргизбаев