Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта педагогикалык династиялардын көргөзмөсү уюштурулду

Сузак районунда 2017-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан “2017-жыл – тармактагы адептүүлүктү жана укуктук маданиятты жогорулатуу жылынын” алкагында №9 Мичурин атындагы орто мектебинин имаратында райондук педагогикалык династиялардын көргөзмөсү уюштурулду. Күн мурунтан бул көргөзмөнүн Жобосу райБББ жана РК профсоюз тарабынан иштелип чыгып бекитилген. Атайын комиссия аркылуу анын жыйынтыгы чыгарылып төмөнкү мектептер байгелүү орундарды ээлешти жана аларга сыйлыктар ыйгарылды.

         1-орун - №6 Т.Темирбаев атындагы гимназия орто мектеби

         2-орун - №5 Бабур атындагы гимназия класстары бар орто мектеби

         2-орун - №9 Мичурин атындагы орто мектеби

         3-орун  - №22 Гайдар атындагы орто мектеби