Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта усулдук күн өткөрүлдү

2023-жылдын 28-сентябрында Билим жана илим кызматкерлернин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.Исмаилов, укук жана эмгекти коргоо боюнча инспектору А.Айдаров Сузак  райондук комитетинде болушуп, усулдук күн өткөрүштү. Алгач Сузак райондук комитетинин төрагасы А.Орозалиев окуу жылы башталышындагы уюштуруу иштеринин жүрүшү, айлык акылар боюнча тарификациялардын өткөрүлүшү, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын сметаларынын аткарылышы тууралуу маалымат берди.

Областтык комитетин төрагасы А.Исмаилов мугалимдерге эмгек шарттарын түзүүдө, эмгек акыларды эсептөөдө, мыйзамдуу жеңилдиктерди берүүдө социалдык өнөктөштөр менен биргеликтеги иш аракетерди өркүндөтүү багытындагы милдеттерге токтолду. Сузак районунда жаңы жумушчу орундар түзүлүп, мугалимдердин эмгектенүүсү үчүн шарттар жакшыртылып, коопсуздук боюнча чараларды ишке ашырууну жакшы жолго коюлгандыгын белгиледи.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин инспектору А.Айдаров