Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта семинар өткөрүлдү

Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунда Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Сузак райкомунун демилгеси боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери үчүн «Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча иш чараларды жүргүзүү»- деген темада райондук семинар өткөрүлдү. Семинарда Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Сузак райкомунун техникалык инспектору М.Примкулов «Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту мектепке чейинки билим берүү уюмдарында сактоо» жөнүндө кеӊири түшүндүрмө берди. Андан башка семинардын жүрүшүндө «Профсоюздук бюджеттин сметасын түзүү жана аны мыйзамдуу чыгымдоо жөнүндө» райкомдун текшерүү комиссиясынын төрайымы А.Атамбаева баяндама жасады. Райондук семинардын ишине райондук Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Сузак райкомунун төрагасы А.Орозалиев, райондук  Билим  берүү  бөлүмүнүн  башкы адиси Ш. Тажидинова  катышты.

Маалыматты даярдаган Сузак

РПКнын техникалык инспектору М.Примкулов