Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта кыргыздын Ак калпак майрамы белгиленди

       2018-жылдын 5-март күнү Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунда Ак калпак майрамы өткөрүлдү.

         Ак калпактык урматына Сузак районунун коомчулугунун, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин катышуусунда райондун борборунда майрамдык жүрүш жасалды, андан кийин салтанаттуу жыйын өткөрүлдү. Салтанаттуу жыйында Ак калпак майрамы менен Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Омошев Эрмекбай Алянович, райондук мекеме, ишкана, уюмдарынын жетекчилери калайык калкты кызуу куттукташты. Майрамга карата райондун өнөрпоздору концерт беришти.

         Бул иш чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Бечелов, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райкомунун төрагасы А.Орозалиев баштаган билим берүү кызматкерлери активдүү катышышты.