Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта химия мугалимдеринин областтык семинары болуп өттү

Сузак районундагы Манас атындагы №90 жалпы орто билим берүүчү инновациялык мектебинде, химия жана биология предметтеринин мугалимдерине областтык деңгээлде тажрыйба алмашуу максатында семинар болуп өттү. Иш чарага Аксы, Ала-Бука жана Базар-Коргон районунан келген мугалимдер катышышты. Бөлүнгөн сабактар боюнча бекитилген мугалимдер ачык сабактарды интерактивдүү усулдарга жараша кызыктуу өтүп беришти. Андан соң өтүлгөн сабактарга анализдер берилип, кызыктуу талкуу жаралды.
Окуучуларды олимпиадага даярдоо боюнча алдыңкы мугалимдер иш тажрыйбасы менен бөлүшүп, доклад окулду. Иш чаранын экинчи бөлүгүндө залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата окуучулар тарабынан уюштурулган адабий кече кызыктуу болуп, келген коноктордун купулуна толду. Бүгүнкү тажрыйба алмашуу семинар өтө пайдалуу болду, себеби ушул учурдун талабына ылайык ар түрдүү жаңы технологияларды пайдалана билүү - биздин негизги максатыбыз.

Ушундай тажрыйба алмашуулар тез-тез уюштурулуп турса мугалимдерге жакшы болоорун баса белгилешти. Семинарды жогорку деңгээлде уюштурган мектеп жамаатына ыраазычылык билдиребиз!

 

 

Профсоюздун Сузак райкомунун

басма сөз катчысы: З.Киргизбаев