Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузак районунун мугалимдери «Арстанбап» пансионатында эс алышты

        Жалал-Абад областына караштуу  Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин демилгеси боюнча райондук билим берүү бөлүмү менен макулдашуу аркылуу 2015-2016-окуу жылы ичинде өзгөчө ийгиликтерге жетишкен. 100гө жакын билим берүү кызматкерлерин «Арстанбап» пансионатында 2016-жылдын 24-26.06 күндөрү эс алдыруу уюштурулду. Билим берүү кызматкерлеринин арасынан бул маданий эс алууга окуучулары областтык,республикалык олимпиадаларга ,спартакиадаларга ,ар түрдүү конкурстарга активдүү катышкан мугалимдер,мектептердин материалдык базаларын чындоодо жигердүү иштешкен жетекчилер тартылышты.Эс алуу мезгилинде Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Д. Токтогулов жана профсоюздун Сузак райкомунун төрагасы     А Орозалиевдер мугалимдер менен бирге болушту.

 ББ жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун

Сузак райондук комитетинин төрагасы                                                    А Орозалиев