Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузак районунун билим берүү кызматкерлери Сафед-Булан, Падыша-Ата тарыхый ыйык жерлерде болуп кайтышты

          2016-жылдын 24-25-сентябрь күндөрү Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин демилгеси менен райондун билим берүү кызматкерлеринин өкүлдөрү  тарыхый ыйык жерлер болуп эсептелген Ала-Бука районундагы Сафед-Буланда жана Аксы районундагы Падыша-Атада “Тарых жана маданият” жылына карата иш чаралардын алкагында болушуп, ал жерлерде зыярат кылышып, райондун жана өлкөбүздүн мугалимдеринин иштерине жакшылыктарды каалашып, тилек кылышып кайтышты.

         Бул иш чарага Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Д.Токтогулов жана Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин төрагасы А.Орозалиевдер катышышты.

 

Билим берүү жана илим кызматркелеринин

 профсоюзунун Сузак райондук

комитетинин басма сөз катчысы:                                        З.Киргизбаев