Сузак районунун билим берүү кызматкерлери НООРУЗ майрамын белгилешти
2017-жылдын 21-мартында Сузак райондук билим берүү бөлүмү менен профсоюздун Сузак райкому “Нооруз” майрамына карата иш чара өткөрдү, райондун борборуна боз үй тигилип, райондун маданий-массалык иш чарасына катышышты, билим берүү кызматкерлерин “Нооруз” майрамы менен райондук мамлекеттик администрация башчысы – аким А.Т.Маматов, анын орун басары А.Ж.Раманкулова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Д.К.Токтогулов, профсоюздун Сузак райкомунун төрагасы А.Д.Орозалиевдер куттукташып, жаңы жылда билим берүү тармагында албан-албан ийгиликтердин жаралышын, билим берүү кызматкерлерине ден соолук, узун өмүр, тынчылыкты жана биримдикти каалашты.
Профсоюздун Сузак райкомунун
басма сөз катчысы: З.Киргизбаев