Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузак районунда Билим берүү тармагынын ардагерлерине сый-урмат көрсөтүлдү

         Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунда 2016-жылдын    28-сентябрь күнү Улгайган адамлардын жана мугалимдердин кесиптик майрамына карата райондун билим берүү тармагын өнүктүрүүгө өз мезгилинде белгилүү салымдарын кошушкан Ардагер мугалимдерге   сый-урмат көрсөтүлдү.  Бул иш-чарага Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.Исмаилов катышып, Ардагер мугалимдерди  куттуктап, ар бир ардагер мугалимге  акчалай сыйлыктарын берди. Ошондой эле иш чарага Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Д.Токтогулов жана Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин төрагасы А.Орозалиев катышты. Алар дагы Ардагер мугалимдерди Улгайган адамдардын жана мугалимдердин кесиптик майрамы менен куттуктап, өздөрүнүн белектерин беришти.

 

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин

профсоюзунун Сузак райондук комитетинин

басма сөз катчысы:                                                              З.Киргизбаев