Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузак районунда билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

        2016-жылдын 1-октябрь күнү Сузак районунда билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин демилгеси боюнча белгиленди, майрамдык иш чарага  400дөй кесиптештер чакырылды, аларга сый-тамак берилди. Бул иш чарага билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамын куттуктоо үчүн Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун обкомунун төрагасы А.Исмаилов, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Т.Түркбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Д.Токтогулов, профсоюздун Сузак райкомунун төрагасы А.Оразалиев, райондун айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана башкалар катышышып, өздөрүнүн сыйлыктарын, Ардак грамоталарын тапшырышты. Андан башка Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «билим берүүнүн отличниги» төш белгилери жана Ардак грамоталары мугалимдерге тапшырылды. Иш чара жогорку майрамдык маанайда өткөрүлдү.