Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузак райондук комитетинин президиуму болуп өттү

2024-жылдын 16-январында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитетинин президиуму болуп өттү.

Президиумдун күн тартибинде  кесиптик бирликтин  Сузак райондук комитетинин бюджетинин 2023-жылда аткарылышы, 2024-жылга карата  түзүлгөн иш планы, билим берүү кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу, укуктарын коргоо жана ден соолуктарын чыңдоо боюнча маселелер каралды.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитетинин президиумунда кесиптик бирлик комитетинин  ишмердүүлүгүн жогорулатуу, "Кыргыз Республикасынын Эмгекти коргоо" мыйзамынын талаптарынын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү максаттары коюлду.

Президиумда  кесиптик бирликтин Сузак райондук комитетинин 2023-жылда аткарылган бюджети канааттандырарлык деп табылып, 2024-жылга карата түзүлгөн иш планы жана бюджети бир добуштан кабыл алынды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин  Сузак райондук комитети