Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузак райондук комитетинин иш аракеттери

2024-жылдын 19-январында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитетинин төрагасы М.Примкулов жана  кесиптик бирликтин Сузак райондук комитетин инспектору Н.Урайимов Сузак районуна караштуу №46 Б.Алыкулов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин жаңы курулуп аяктап жаткан  275 орундуу имаратынын ачылыш аземинин даярдыгынан кабар алышты.

Жана ошондой эле Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитетинин төрагасы М.Примкулов Сузак районуна караштуу №1 Мадумар-Ата мектебинде өткөрүлүп жаткан тарых жана география предметтеринин райондук олимпиадасынын жүрүшүнөн кабар алып, андагы катышуучуларга ийгиликтерди каалады.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин  сузак райондук комитети