Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сулуулуктун башаты

 

Ноокен районунда 1–июнь бүткүл дүйнөлүк “Балдарды коргоо” күнүнө карата, каллиграфиялык кол жазма салтын жандандыруу, кыргыз жазма жазууларынын маданиятын үйрөтүү, кыргыз тамгаларын сулуу жазууга көндүрүү менен бирге балдардын чыгармачылык потенциалын жогорулатуу, эң мыкты, таланттуу, чыгармачыл окуучуларды табуу жана аларга колдоо көрсөтүү максатында башталгыч класстын окуучулары арасында “Алтын калем” райондук кароо-сынагы өткөрүлдү.

Кароо сынак мектептик, зоналдык жана райондук болуп үч этап менен жүргүзүлүп, 3-райондук этабы 30-май күнү Балдар чыгармачыл үйүндө уюштурулуп, жогорку деңгээлде өттү.

Жобо боюнча балдарга берилген тапшырмалар 2-класстарга берилген текстти көчүрүп жазуу, 3-класстарга жат жазуу, ал эми 4-класстын окуучулары баяндама жазуу боюнча өз күчтөрүн сынашты.


 

Райондук турунда 2-класстын окуучулары арасында №29 Мирзаходжаев атындагы орто мектебинин окуучусу Махаматтахирова Жайрона, 3-класстар арасында №11 Э.Алиев атындагы орто мектебинин окуучусу Нурдинова Махабат, 4-класстардын окуучулары арасында №9 Паяз атындагы орто мектебинин окуучусу Ильязбек кызы Венералар жеңүүчү деп табылып, райондук билим берүү бөлүмүнүн, жана райондук кесиптик бирдик комитетинин “I даражалуу дипломдору” менен жана кызыктыруучу белектери менен сыйланды. Калган катышуучулар ээлеген ордуларына жараша “диплом”, “ардак грамоталар” жана башка кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.

Райондогу башталгыч класстардын мугалимдерди бул иш-чараны колдоп, өз ыраазычылыктарын билдирип, кароо-сынактын мындан ары, үзгүлтүксүз уланышына ийгилик каалашты.

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси УЛАН Уметов