Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Студенттердин майрамына карата жатаканалар ортосунда спорттук мелдеш уюштурулду

17-ноябрь-Студенттердин эл аралык күнүнө карата КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ош облустук башкармалыгы жана Ош мамлекеттик университети менен биргеликте ОшМУнун студенттик жатаканалары ортосунда 16-ноябрь күнү «Келечекке карай-наркотиксиз» аттуу спорттун волейбол жана футбол түрү боюнча мелдеш өткөрдү.

Жаштар арасында кылмыштуулуктун, бангиликтин жана аракечтиктин алдын алуу, жатаканада жашаган студенттердин достук мамилесин арттыруу, сергек жашоого үндөө максатында  уюштурулган мелдештин жыйынтыгында спорттун футбол түрү боюнча 1-орунду №3 жатакана, 2-орунду №2 жатакана, 3-орунду №4 б жатакананын командалары, ал эми волейбол боюнча 1-орунду №2 жатакана, 2-орунду №4 а жатакана, 3-орунду №3 жатаканын командары жеңип алышты.  Уюштуруучулар тарабынан дипломдор жана 1-орунду камсыздаган командаларга музыкалык аппаратура, 2-орунга түстүү сыналгылар, 3-орунга DVD белекке берилди. Бул тууралуу ОшМУнун жатаканалары боюнча координатору Абылкасым уулу Канат маалымдады.