Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Студенттер профсоюздук жетекчилерге ыраазычылык билдиришет

    Билим  берүү  жана   илим  кызматкерлеринин Борбордук  Комитети  тарабынан балдардын жана  студенттердин  ден соолугун  бекемдөө  үчүн   каражаттардын берилиши  жана  көзөмөлгө  алынышы  профсоюздук ишмердүүүктөгү  жаңы  реформалардын  башталышы катарында  жакшы  ийгиликтерди  камсыз  кылууда.

   Жалал-Абад Мамлекеттик  Университетинин профилакторийи Борбордук  Комитет  тарабынан  каржыланып,  25-сентябрдан баштап  өз  ишин  баштады. 1-агымга 50  студент кабыл алынып,  ден соолуктарын   чыңдоо  үчүн  толук  шарттар  түзүлдү.

    Профилакторийде  тажрыйбалуу дарыгер, медицина  илимдеринин  кандидаты Макамбаев Жунусалы Жакыпович жетекчилигинде дарылануу  үчүн  бардык   шарттар  жаратылган.

    Студенттер камкордуктар үчүн Борбордук  Комитеттин  төрагасы Асылбек  Токтогуловго, обкомдун  төрагасы  Абдукахар Исмаиловго, ЖАМУнун ректору Кеңешбек  Усеновго, ЖАМУнун профкомунун төрагасы Кубанычбек  Болотбековдорго ыраазычылык  билдиребиз.

 

                                  Материалды  даярдаган :ЖАМУнун  студентер профкомунун             төрайымы-Бубуназира  Апсалиева