Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өспүрүм балдар менен иштөө инспекциясы Жалал-Абад колледжинде

Жалал-Абад колледжинде Жалал-Абад шаардык балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери менен 1-курстун студенттеринин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу колледждин кесиптик бирлик бюросунун жетекчиси Назгул Эсенбаева жана социалдык педагогу Рабия Эгембердиева тарабынан уюштурулган.

Участкалык инспектор Самара Кыдырова Жалал-Абад шаарындагы жана облусундагы жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулук боюнча кеңири маалымат берди. Чакырылган коноктор жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу үчүн жасалып жаткан иштер боюнча токтолушуп, студенттердин жогорудагы маселелерди камтыган суроолоруна кеңири жооп беришти.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетинин кызматкери Н.Баитова