Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Спорттун массалуугун арттыруу үчүн

     Жакында билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад облустук комитетинде облустагы бардык балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорттук мектептеринин директорлору менен жолугушуу болуп өттү.

   Жолугушууну балдардын жана өспүрүмдөрдүн облустук спорт мектебинин директору, эл аралык категориядагы калыс Г.Жаркинбаева ачып, сөздү обкомдун төрагасы А.Исмаиловго берди.

    Ал өз сөзүндө жашоонун сергек мүнөзүн калыптандыруу, айрыкча жаштар арасында спорттун массалуулугун арттыруу боюнча кесиптик бирликтер менен билим берүү уюмдарынын биргелешкен аракеттери өзгөчө орунда экендигин баса белгиледи.

   Ошону менен бирге билим берүү кызматкерлеринин салтка айланып калган спартакиадаларын сапаттуу өткөрүүдө жалпы билим берүүчү уюмдардын жетекчилеринин жоопкерчилигин көтөрүү менен райондордо, шаарларда жана облустук деӊгээлде улуттук оюндарга да өзгөчө маани берүү керектиги жөнүндө жакшы ойлор ортого ташталды.

   Жолугушууда спорт мектептердин директорлору 2017-жылдын март айындагы билим берүү кызматкерлеринин спартакиадаларын өткөрүү боюнча суроолорду узатышты. Аларга А.Исмаилов жана Г.Жаркинбаевалар ынанымдуу жоопторду беришти.

   Жолугушуунун соӊунда обкомдун төрагасы А.Исмаилов мыкты иштешкен спорт мектептеринин директорлоруна жана машыктыруучуларга Ардак Грамоталар менен акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Обкомдун уюштуруу бөлүмү