Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Спорттук мелдеш өттү

8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата Алай районундагы Б.Аданбаева атындагы орто мектебинин спорт залында спорттун волейбол түрү боюнча майрамдык мелдеш өттү.

Жыйынтыгында, 1-орунду мектепке чейинки билим берүү уюмунун (бала бакчалардын) директорлору, 2-орунду мектеп директор айымдары, 3-орунду райондук билим берүү бөлүмүнүн айымдары, 4-орунду Аданбаева атындагы орто мектебинин жамаатынын айымдары камсыздашты.

Аларга областтык жана райондук кесиптик бирлик комитетинин Ардак грамоталары тапшырылды. Иш чара билим берүү кызматкерлеринин Алай райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан өткөрүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Алай райондук комитети