Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Спорттук мелдеш өткөрүлдү

2024-жылдын 24-февралында Баткен облустук усулдук билим берүү борбору жана Баткен областтык билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин демилгеси менен башталган облустагы райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин арасындагы волейбол боюнча достук спартакиадасы Кадамжай районунда жогорку деңгээлде болуп  өттү. Мелдешке Лейлек, Кадамжай, Баткен райондук, Баткен шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жана Баткен областтык билим берүү усулдук борбору, Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин Баткен облустук комитетинин командалары катышып, Кадамжай райондук билим берүү бөлүмү жана Кадамжай райондук кесиптик бирлик комитетинин белектери менен сыйланышты. Оюндун максаты билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлер арасында достукту, ынтымакты бекемдөө болуп саналат.

 

Маалыматты даярдаган: Гапарали уулу Мансур, Кесиптик бирликтин Баткен областтык комитети