Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Акчалай сыйлыктар берилди

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында 2024-жылдын 23-февраль күнү Мекенди коргоо  күнүнө карата  Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы жана райондук билим берүү бөлүмү, райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан Өзгөн районундагы мектептерде эмгектенген  агайлар арасында спорттун волейбол, кичи футбол түрү боюнча райондук мелдеш өткөрүлдү.    Мелдештин жыйынтыгында  волейбол боюнча   1-орунду Жазы,  2-орунду Мырза-Аке, 3-орунду  Өзгөн шаарынын курама командалары ээлешти.

Ошондой эле спорттун кичи футбол түрү боюнча 1-орунга Мырза-Аке аймагынын, 2-орунга Жазы аймагынын, 3-орунга Куршаб аймагынын курама командалары жетишти. Мелдеште бейгелүү орунга жетишкен командалар Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын Дипломдору, медалдары жана райондук мамлекеттик администрациясынын акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

   Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети жана шаардык билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитеттери тарабынан  мелдешке катышкан  бардык командаларга акчалай сыйлыктар  тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Өзгөн райондук комитети