Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Спорттук мелдеш өткөрүлдү

2021-жылдын 23-апрелинде Түп районундагы Кайкин Орто мектебинин базасында Райондук билии жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети уюштурган билим берүү кызматкерлеринин спартакиадасы болуп өттү. Мелдешке жалпы 46 баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынан спорттун 4 түрү боюнча курама камандалар катышып ат салышышты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып Кубок, балуу белектер жана дипломдор менен сыйланышты. Ошондой эле спартакиадага Ысык-Көл районунун футбол боюнча курама камандасы катышты. Спартакиаданын ачылышына Райондун акими Б.Б.Акембаев, билим берүү башчысы А.Ж.Такаев, райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы М.А.Садыков катышып сөз сүйлөштү. Жыйынтыгында Райондук кесиптик бирлик комитетинин мүчөлөрү Молдогазиев орто мектебинин мугалими Р.Ураимов, Ашымов Орто мектебинен Н.Маданбеков, ардагер мугалим Ш.Базаркулов Райондук кесиптик бирлик комитетинине ыраазычылык билдиришип иштерине ийгилик каалап мындан ары дагы кесиптик бирлик уюмдары менен биргеликте иш жүргүзө берееришин айтып өтүштү.

 

 

Маалыматты даярдаган: Түп райпроф комитетинин төрагасы М.Сыдыков