Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Спорттук мелдеш болуп өттү

8-март - аялдардын Эл аралык күнүнѳ карата Алай районундагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери үчүн билим берүү кызматкерлеринин Алай райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан социалдык ѳнѳктѳштүктүн алкагында 2023-жылдын 3 – мартында  №22 С.Тѳрѳшев атындагы орто мектебинин спорт залында волейбол боюнча мелдеш жана майрамдык сый тамак уюштурулду.

Райондук иш чарага Билим берүү бѳлүмүнүн башчысы Б.Э.Таиров баш болгон билим берүү кызматкерлери, райондогу мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору катышышты. Спорттук мелдештин жыйынтыгында жеӊүүчүлѳргѳ сыйлыктар тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Алай райондук кесиптик бирлик комитети