Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Спорттук аянтчанын ачылышы”

 

         Кажар айылы райондон 15 км аралыкта жайгашкан. Кичинекей айыл болуп, анда №34 А.Ботоев атындагы жалпы негизги билим берүүчү мектеби бар.

         Мектеп 1997-жылы 1 кабаттуу болуп, сыйымдуулугу 176 окуучуга ылайыкталып курулган. Негизинен Кажар элинин тургундарынын колдоосу жана Кутманов Маматкадырдын чоң салымы натыйжасында түптөлгөн деп атоого болот. Учурда 139 окуучуга 17 мугалим билим, тарбия берип келүүдө.

         2017-2018-окуу жылынын май айында аты аталган мектепте кош майрам болду. 2017-жылдын апрель айында” Кылмыштуулуктун алдын алуу“ максатында “Жашстан” долбоору келген. Долбоорго мектептин 8-классынын окууучулары катышкан. “Жашстан” долбоорунун катышуучулары, Кажар жаштарынын локациясынын лидери Маматкадырова Жумаиданын ролу өтө чоң. Долбоорго окуучулар спорттук аянтчаны куруу керектигин маалымдайт.

2018-жылдын февраль айында мектептин окуучуларынын эмгеги менен ”спорт аянтчасы” кичи грант менен ишке ашырууга 72000 сом өлчөмүндө сертификатка ээ болушту. Мектептин педагогикалык жамааты, элдик салым, жекече демөөрчүлөрдүн жардамында кичи спорттук аянтчаны куруп бүтүрүштү. Жалпы сумма 200 миң сомду түздү.

         2018-жылдын 25-майында “Акыркы коңгуроо” аземи менен биргеликте кош майрам болуп өттү, себеби долбоордун ийгиликтүү натыйжасында спорттук аянтчанын курулушу аягына жеткерилди.  Спорттук аянтчанын ачылышына бир канча коноктор келип катышты.

1.Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орунбасары Калчабү Сатимбаевна.

2.Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн кесиптик уюмдун төрагасы Жакыпбай Тургуналиевич.

3.РБББнүн адиси Хабибула Талипов.

4.Т.Балтагулов айыл аймагынын башчысы Болотбек Жоробекович.

5.Райондук стат бөлүм башчысы Темирбек Кулбаев. Ата-энелер жана мектеп жамааты катышты.

Келечекте билимдүү,алдыңкы жаштардын саны көбөйөт деген ишеним бар.

 

 

  Даярдаган: №34 А.Ботоев атындагы негизги

мектебинин эмгек жамааты.