Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Спортту өнүктүрүүгө шарттар түзүлдү

        Ноокен районундагы №24 О.Каипов  атындагы  орто  мектебинин жамаатынын жана Кызыл-Кыя айылынын элин  кубанычы  чексиз. Мектептин  окуучуларынын көп жылдык арзуу  тилектери  ишке  ашып АРИС тин 9 млн. сомдук долбоору  менен башталган  спорттук  зал ишке  берилип, салттанатуу  ачылыш  аземи    2017-жылдын 16-ноябры күнү болуп өттү.

        Аземге КР Өкмөтүнүн  Жалал-Абад  облусундагы  ыйгарым  укуктуу  өкулү  К.У.Сатыбалдиев , райондук  жетекчилери, айылдын эли, чакырылган  көнөктөр катышышты. Аземде  долбоордун жетекчилигине, куруучуларга ыраазычылыктары билдирип, облустун  жетечиси К.У.Сатыбалдиев, райондун  акими Э.С.Маматаев, райБББнүн  башчысы Б.С.Козуев, айыл  өкмөтү башчысы А.Сатыкуловтор  сүйлөштү.

        Мектептин директору Б.Сатаров,  айыл  аксакалы К.Калдаровтор   ыраазычыктарын  билдирип, рахматтарын  айтышып долбоорду ишке  ашырууга катышкандарга  “Ыраазычылык  кат”тарды   тапшырышты.

Азем  катышуучуларына спорт  залда көргөзмөлүү спорттук   оюндар көрсөтүлдү.

Материалды  даярдаган : А.Айдаров-Жалал-Абад  обкомунун инспектору