Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

СПОРТСМЕН МУГАЛИМДЕР КӨЛДӨ ЭС АЛЫШТЫ

     2016-жылдын 29-июнь-1-июль күндөрү Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети райондук, облустук спартакиаданын жеңүүчүлөрү болгон мугалимдер үчүн экскурсия уюштурган. Экскурсияга   Баткен районунун Самаркандек айылындагы М.Салихов атындагы орто мектебинин мугалимдери, волейбол  боюнча  8 мүчөдөн турган кыздар командасы  “Илим”  пансионатына барып 3 күн эс алып келишти. Спортсмен мугалимдер эс алуу учурунда көл жээгиндеги кооз жайларга барып таанышышты. Экскурсияны уюштуруу үчүн Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети– 14 400 сом, Билим, илим  кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен облустук  комитети– 12 000 сом, Самаркандек  айыл өкмөтү 24 000 сом бөлүшкөн. Экскурсанттар эс алууну уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдиришти.

РКПнын жетектөөчү  адиси                                         Б.Абдыразакова