Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Спорт тынчтыктын элчиси”

   Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жаштар комитети жана Студенттик кесиптик кошундар комитетинин демилгеси менен март айындагы майрамдарга карата №1, №2-жатаканадагы балдар, кыздар  арасында “Спорт тынчтыктын элчиси” аттуу спорттун футбол түрү боюнча мелдешөткөрүлдү. Оюн өтө жогорку деңгээлде өтүп, студенттердин купулуна толо алды. Бул мелдешке №1-жатаканын студенттери мыкты даярдык менен келип, атаандаштарын  (мырзалар) 6:4, ошол эле жатаканын айымдары атаандаштарын 2:0 эсебинде жеңишке жетишишти. Жеңүүчүлөргө Жаштар комитетинин жана Студенттик кесиптик кошундар комитетинин кубогу жана грамоталары менен сыйланышты. Ошондой эле жатаканын студенттери мындай спорттук мелдештерди тез-тез өткөрүп турууну сунушташты.