Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Спорт ден-соолуктун булагы

     16-17-январь күндөрү Бишкек гуманитардык университетинин кызматкерлеринин ортосунда волейбол оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Мелдеш профсоюздук комитети тарабынан уюштурулуп, жалпысынан  8 команда катышып, алдыңкы орундар үчүн күчтөрүн сынашты. Оюн талаасына чыккан ак сакал кызматкерлерибиз, өздөрүнүн тажрыйбасын жаштар менен бөлүшүп мыкты оюн көрсөтүштү. Мелдеш эки күнгө созулуп,  күчтүүлөр аныкталды. Жеңүүчүлөргө профсоюз тарабынан даярдалган баалуу белектер жана дипломдор тапшырылды. Жыйынтыгында мелдештин катышуучулары профсоюздук комитетинин ишине ийгилик каалап, ыраазычылыгын билдиришти!