Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

СПОРТ – ДЕН СООЛУКТУН БУЛАГЫ

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитети тарабынан  жыл сайын март айында жазгы каникул учурунда шаардык билим берүү кызматкерлеринин арасында спартакиада уюштуруп келет.

Мына ошол салтка айланган спартакиада быйылкы “2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата «Ден соолук – 2019»  деп аталып, 2019-жылдын 25-мартынан 27 мартына чейин В.И.Ленин атындагы №1 орто мектебинде уюштурулду.

Спартакиада өткөрүүнүн негизги максаттары:

  • - Билим берүү кызматкерлеринин дене тарбия жана спорт оюндарына тартуу
  • - Спортко болгон кызыгууларын арттыруу
  • - Сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу аркылуу ден соолуктарын чыңдоо.

Спартакиаданын ачылуу аземи 25-мартта болуп, ага шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдувахап Джалилович Исманов, дене тарбия жана спорт секторунун башчысы Таалайбек Камчыбекович Шамшиев, билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Канатбек Сапарович жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышышты.

Бул спартакиадага жалпы билим берүүчү, мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты. Спартакиадада командалар спорттун волейбол, стол тенниси, шахмат жана тогуз коргол түрлөрү боюнча күч сынашышты.

 Жеңүүчүлөрдү сыйлоо үчүн жергиликтүү бюджеттен шаардык дене тарбия жана спорт секторунан 5000 сом жана билим берүү бөлүмүнөн 10000  сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Ал эми кесиптик бирликтин шаардык комитети тарабынан кызыктыруучу сыйлыктарга, диплом грамоталарды жана кубк-медалдарды уютуруу үчүн жыл сайын 20-30 миң сом бөлүнүп келет.

Спартакиаданын өткөрүлүшүнө жалпы жетекчилик кылуу да кесиптик бирлик комитетине жүктөлөт. Ал эми жеңүүчүлөрдү аныктоо спорт оюндарына калыстык кылуу үчүн шаардык билим берүү бөлүмүнүн дене тарбия секциясынан калыстар тобу түзүлгөн.

Күч атасын тааныбайт демекчи, мелдештин жыйынтыгында жеңүүчү командалар төмөнкүдөй аныкталды:


Жыйынтыгында салтанаттуу жыйын өткөрүлүп, жеңүүчүлөр атайын дипломдор, грамоталар, өтмө кубок жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Спартакиадага активдүү катышкан жана мыкты оюн көрсөткөн 5 спортчу агай эжелер да белгиленип, грамоталар менен сыйланышты.

Жалпы командалык эсеп боюнча Р.Жолбаев атындагы №4 орто мектеби 1-орунду ээледи жана спартакиаданын жеңүүчүсү аталып, өтмө кубокко ээ болду.

Салтанаттуу жыйынга Баткен областтык Ооган ардагерлер кеңешинин ревизиялык комиссиясынын төрагасы Абдигапар Саитов катышып, билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Исмановду жана кесиптик бирлик комитетинин төрагасы К.Кудаяровду “Ооган согушунун 30 жылдыгы” юбилейлик медалы менен сыйлады.

Катышуучулар уюштуруучуларга өздөрүнүн ыраазычылктарын айтышып, абдан жогорку маанайда көнүлдүү эс алгандыктарын билдиришти.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети

 

Материалды даярдаган:

Канатбек Кудаяров