Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Спорт - ден соолук булагы

“Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” Кыргыз республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №1 жарлыгына ылайык 2024-жылдын 1-2-3 март күндөрү Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик туу күнү", "Ак калпак күнү" жана 8-март "Аялдардын Эл аралык майрамына" карата Сүлүктү шаарындагы билим берүү мекемелеринде эмгектенген билим берүү кызматкерлеринин арасында салтка айланган "Ден-соолук - 2024" аттуу спорт жумалыгынын алкагында Билим берүү кызматкерлеринин спартакиадасы өткөрүлдү.

 

Спартакиаданын максаты жана милдеттери:

  •  Билим берүү кызматкерлерин дене тарбия жана спорт оюндарына тартуу менен мекемелер арасында достукту, ынтымакты бекемдөө.
  •  Билим берүү кызматкерлерин спортко болгон кызыгуусун арттыруу.
  •  Билим берүү кызматкерлерин арасында секргек жашоо мүнөзүн калыптандыруу.

 

Спартакиаданын ачылуу аземине Сүлүктү шаарынын Вице-мэри Мирлан Мусаевич спорт сектор башчысы Нурбек Асылбекович жана билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы Канатбек Сапарович жана билим берүү мекеме жетекчилери катышты.

 

Анда шаардык жалпы билим берүү мекемелеринен 7 команда, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринен 2 команда, спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча күч сынашышты:

  1. Волейбол (эркек жана аялдар)
  2. Тогуз коргоол
  3. Шахмат
  4. Стол тенниси.

Спартакиаданын жыйынтыгында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы Канатбек Сапарович ар бир катышуучуга баалуу белектерди тапшырды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Сүлүктү шаардык комитети