Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата акция уюштурулду

1-декабрь - СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинде жаштар тарабынан демилгеленген акция уюштурулду.

Акцияда ОшМУнун медициналык колледжинин стдуденттери башкы имараттын кире беришинен окутуучу агай-эжекелерди, студенттерди жылуу маанайда тосуп алышып, алардын кан басымдарын өлчөп, айрым кан басымы жогору же төмөн чыккан акциянын катышуучуларына кеп-кеңештерин беришип, ВИЧ, СПИД жугуштуу оорулуулары боюнча маалыматтар камтылган брошюраларды таркатып беришти.

“Бүгүнкү иш чараны уюштуруудагы негизги максатыбыз жугуштуу оорулар боюнча маалымат берүү, аталган илдеттердин алдын алууга аз да болсо салым кошуу болуп саналат. 30-ноябрь күнү биз бул акцияны медициналык колледжде уюштурганбыз, бүгүн минтип башкы имаратты уюштуруп жатабыз”, -деди акциянын уюштуруучусу, медициналык колледждин жаштар комитетинин төрагасы Турсунбек Курбанбаев.

Белгилей кетсек, университеттин бардык факультеттеринде, колледждердеринде СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнөнө карата түрдүү иш чаралар уюштурулуп, тарбиялык сааттар өтүлдү.