Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Спартакиада өткөрүлдү

     2016-жылдын  23-апрель  күнү  А.Калмурзаев  атындагы  орто  мектебинин  базасында  Кыргыз  Республикасынын  Эгемендүүлүгүнүн   25 жылдыгына  жана «Тарых  жана  маданият»  жылына  карата  билим берүү  кызматкерлеринин  жазгы  спартакиадасы  болуп өттү.

Спартакиаданын  райондук  туруна  3  аймактан  спорттун  беш  түрүнөн I  жана II  орундарды  ээлеген  мектеп  командалары  жана жеке  оюнчулар  катышып, күч  сынашты.  Жыйынтыгында  волейбол  боюнча  агайлар  арасында  Б.Келдибаев,  эжекелер  арасында  Т.Асранов,  ордо  боюнча  Ж.Мойдунов  атындагы  орто  мектептеринин  командалары  I  орунду  жеӊип  алышты. Ал эми  тогуз  коргоол  боюнча  А.Калмурзаев  орто  мектебинен   Садыков  Нурбек,  К.Раимбеков  атындагы мектеп- гимназиясынан  Бапышова  Динара, шахмат  боюнча  БӨДТДКнын ийрим  жетекчиси  Жусуматов  Султан,  А.Төрөгелдиев  атындагы  орто  мектебинен  Султаналиева  Бүкадича ,стол тенниси боюнча  Ж.Бөкөнбаев  атындагы  орто  мектебинен  Садыков  Рысбек,  К.Раимбеков  атындагы мектеп – гимназиясынан Абылкасымова Замиралар  I  орунга  ээ  болушту.

  Билим  берүү  кызматкерлеринин  спартакиадасы  жогорку  деӊгээлде,  уюшкандыкта  өттү.  Спартакиаданын   ачылышына  Өзгөн  райондук  билим берүү  бөлүмүнүн  башчысы  И.Дуйшеев, билим берүү  кызматкерлеринин  Өзгөн  райондук  профсоюз  комитетинин  төрагасы  И.Мырзамидинов  катышып,  куттуктоо  сөз  сүйлөшүп,  оюнчуларга  жана мектеп командаларына  ийгиликтерди каалашты. Спорт бул ден- соолуктун  булагы,  тынчтыктын  тиреги экендигин белгилешип, оюнчуларды сергек  жашоого, спорт  менен  дайыма  машыгууга, бирге  болууга  чакырды.

              Өзгөн  РПК:                             Бөлөкбаев Артык