Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

СПАРТАКИАДА БОЛУП ӨТТҮ

    Кадамжай районунда Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев тарабынан жарыяланган «Ыйман, адеп, жана укуктук-маданият жылынын» иш чараларынын алкагында 4-ноябрь күнү Алтын күз майрамына карата түштүк регионунда кыздар жана балдар арасында волейбол боюнча спартакиаданын ачылышы болуп өттү. Иш чаранын ачылышына Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, мекеме иш-каналардын жетекчилери, Кадамжай райондук балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин жамааты, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын район, шаарларынан келген командалар катышышты.  Спартакиадада Кара-Кулжа, Ноокен, Кадамжай, Ноокат, Кара-Кол, Токтогул райондорунан жана Ош, Баткен шаарларынан командалар келип, жалпысынан 224 окуучудан турган 15 команда күч сынашты. Кыздардын арасындагы мелдеш Кадамжай райондук балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин имаратында ал эми балдардын арасындагы мелдеш №5 Б.Айтматов атындагы гимназия мектебинин спорт залында өтүп, катышуучулар кызыктуу оюн көрсөтүштү.