Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Спартакиада Суусамырда болуп өттү

2021-жылдын 29-31-майында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сокулук райондук комитети жана Сокулук районундагы Жаш өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан уюштурулган мугалимдер арасындагы спорт оюндары боюнча спартакиада Суусамыр өрөөнүндөгү “Байтур” эс алуу комплектисинде өткөрүлдү. Бул спартакиадага Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сатарбаева Турум Абдыкаимовна жана райондун 40 мугалими катышышты. Спартакиада спорттун 3 түрү: Валейбол, Шахмат жана Тогуз-Коргол оюндары боюнча өткөрлдү. Жеңүүчүлөр диплом, кубок жана баалуу белектер менен сыйланышты. Баардык катышуучуларга "Билим ордо" мугалимдер конгрессинин Чүй облусунун координатору Мамбетакунов Таалайбек Кадыркулович тарабынан сыйлуу белектер тапшырылды. Мугалиидердин эс алуусуна жана спартакиаданы өткөрүү үчүн кеткен чыгымдар Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сокулук райондук комитетинин эсебинен каржыланды.

 

Маалыматты даярдаган: Сокулук райондук КБКнын төрайымы А.Качкынбаева