Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Спартакиада-2018

    Таш-Көмүр шаарында мугалимдердин спартакиадасы өткөрүлдү.Спартакиаданын ачылыш аземине шаардын мэри Р.Асаналиев, ШБББнын башчысы Т.Шабданов, шааркомдун төрайымы Г.Эргешова катышып, куттуктоо,ийгиилктерди каалады. Спартакиадада спорттун 3 түрү: волейбол,шахмат жана теннис  боюнча шаардагы 13 мектептен командалар катышты. Мугалимдер арасында өзгөчө волейбол түрүнө кызыккандар арбып барат. Жыйынтыгында, жалпы команда боюнча 1-орунду Т.Уметалиев атындагы №6 орто мектебинин мугалимдери, 2-орунду А.Осмонбеков атындагы №9 орто мектебинин мугалимдери, 3-орунду Токтогул атындагы №4 орто мектебинин мугалимдери ээледи. Шаарком тарабынан акчалай сыйлыктар, диплом, кубоктор тапшырылды.