Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Советтик армиянын Афганистандан чыгарылгандыгынын 35 жылдыгы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин Сузак райондук комитетинин төрагасы М.М.Примкулов 15-февраль Советтик армиянын Афганистандан чыгарылгандыгынын 35 жылдык маарекесине арналган райондук иш чарага катышты. Сузак райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептерде мугалим болуп иштеген Ооган согушунун ардагерлерин куттуктап, акчалай сыйлыктарды тапшырды. Ошондой эле келечек муундарды окутуп, Ата мекенге кызмат кылууга тарбиялоодо Ооган согушунун ардагер мугалимдеринин орду зор экенин белгиледи. Алардын иштерине ийгилик, өздөрүнө ден соолук, бакубат жашоо каалады. Белгилей кетсек, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептерде жалпысынан Ооган согушунун 9 ардагери мугалим болуп эмгектенип келишет.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Сузак райондук комитети