Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сот акыйкат чечим чыгарды

2022-жылдын 16-сентябрь күнү Баткен районундагы  Б.Ходжаев атындагы орто мектебинин кароолу Зулпукаров Муктарбек Аврорович адаттагыдай мектепте жумуш ордунда болгон. Ошол күнү кыргыз-тажик чек ара кагылышуусу болуп, мугалимдер жана окуучулар айылдан эвакуацияланган. Саат 9:00 менен 10.00дун ортосунда кыргыз-тажик чек ара  кагылышуусунда мектептин кароолу өлтүрүлүп, Ошол эле күнү М.Зулпукаровдун уулу дагы Ак – Сай айылында өлтүрүлгөн.

    Баткен  райондук  билим берүү бөлүмүнүн 2023-жылдын 23-январындагы билдирүүсүнүн негизинде КР эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматы тарабынан бөөдө кырсыкты териштирүү жөнүндө , КР ЭК 223-беренесине жана “Өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды териштирүү жана эсебин алуу жөнүндө” Жобонун  23-пунктуна ылайык, курамы төрт кишиден турган комиссия түзүлгөн. Комиссия 2023-жылдын  12-февралында кырсыктын себептерин жеринде териштип, жыйынтыгын чыгарган. КР ЭК 254-беренесине ылайык зарыл болгон документтер  топтолуп, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигине жөнөтүлгөн.

Жабырлануучунун  жубайы Р.Т.Зулпукарова 05.09.2023-жылы КР билим берүү жана илим министрлигине КР ЭК 254-беренесине ылайык арыз менен кайрылган.

 Р.Зулпукарова өз арызында жолдошу М.А.Зулпукаровдун 2022-жылдын 16-сентябрында кыргыз-тажик чек ара  кагылышуусунда Ак-Сай орто мектебинде иш үстүндө каза болгонун көрсөтүп, жолдошунун иштеген 20 жылдык  компенсациясын төлөтүп берүүнү  сураган.

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети жабырлануучунун жубайынын арызынын канаатандырылышы үчүн бардык мыйзамдуу иш аракеттерди жасады жана уюштуруу иштерин жүргүздү.

  Баткен райондук соту, доогер Зулпукарова Рохотхондун арызын карап, 2024-жылдын 17-февралында чечим чыгарды.

  Доогер Зулпукарова Рохотхон Ташматованын доо арызы жарым-жартылай канаатандырылып, доогердин пайдасына 1 912 060 ( бир миллион тогуз жүз он эки миң алтымыш) сом бир жолку жөлөк пул жана 100 000 ( жүз миң) сом моралдык зыян өндүрүдү.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Баткен райондук комитети